Араб өлкөлөрү Катарга талаптарды коюшту

Катардын борбору Доха шаары

Катар менен мамилесин үзгөн өлкөлөр мамилелерди кайра калыбына келтирүү үчүн бул өлкөгө бир нече талаптарды коюшту.

Associated Press агенттигинин кабарлашынча, анда "Ал-Джазира" телеканалын жабуу, Иран менен байланышты чектөө жана түрк аскерлерин аймагына жайгаштыруудан баш тартуу талаптары бар.

13 пункттан турган тизмеде ирандык Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлдөрүн аймагынан чыгаруу, "Мусулман агайындар", "Ал-Каида" жана "Ислам мамлекети" террордук топтору менен байланышты үзүү талаптары да бар.

Перс булуңундагы Сауд Аравиясы баштаган алты өлкө июндун башында Катарды терроризмди каржылайт деп айыптап, байланыштарын үзгөн.

Ушундан соң Иран менен Түркия Катарды колдоп чыгышкан. Түркия болсо бул өлкөдөгү базага жоокерлерин жайгаштыруу ниетин билдирген.