Кыргызстандагы мектептердин 80% кооптуу абалда

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстандагы авариялык мектептердин жагдайын талдаган көлөмдүү баяндамасын жарыялады. Анда мектеп курулушунун динамикасы, мектепке муктаждык жаңы курулуштун каржы булактары талдоого алынган. Уюмдун жетекчиси Чолпон Орозобекованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, баяндамада ашар жолу менен курулган мектептерге көңүл буруу жана мындан ары аларга тыюу салуу сунушу айтылууда.

- Өлкөдөгү 2222 мектептин 193ү авариялык абалда экени баяндамада көрсөтүлгөн. Бул сандар Билим берүү жана илим министрлиги берген статистика болуп саналат. Анын ичинен 12 мектеп "кызыл тизмеге" кирет. Алар тез арада жаңыланып, курулушу керек. Мисалы, Ак-Талаа, Кара-Суу, Сузак райондорунда, Бишкектин четинде ушундай мектептер бар. Бизди тынчсыздандырган жагдай, ЮНИСЕФ жана ЮСАИД 2013-жылы иликтөө жасап, Кыргызстандагы мектептердин 80% кооптуу абалда деп жыйынтык чыгарган экен.

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту буга чейин ислам диний билим берүү мекемелериндеги абалды изилдеп чыгып, медреселер чукул реформага муктаж экенин айткан. (КЕ)