УКМК: Текебаевдин ишиндеги 8-том тууралуу адвокаттар кабардар

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту.

“Ата Мекен” патиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги 8-том тууралуу адвокаттар кабардар болгон. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

- Бул кылмыш иши сотко өткөндө эле 8 том болуп берилген. Адвокаттар 8 том бар экенин билишкен жана бул тууралуу аларда маалымат болгон. Жадагалса алардан Марат Эшперов, Бакыт Жумашев, Искен Афиджанов 8 томдун бардыгы менен таанышып чыккан. Бул кадамды ишти создуктуруу максатында атайын ар кандай шылтоолорду издеп жатат деп бааласак болот.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинде 8-том пайда болгону тууралуу адвокаттар алгачкы жолу кабардар болуп жатышканын Текебаевдин ишенимдүү өкүлү Канатбек Азиз билдирген болчу. Натыйжада судья адвокаттарга 8-том менен таанышып чыгуу үчүн бир күн, тагыраак айтканда эртеңкиге чейин убакыт берген. Текебаев менен Чотоновдун соттук териштирүүсү 22-июнда уланат.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясынын иши боюнча коррупцияга айыпталып, быйыл 26-февралда кармалган. Бул ишке тиешеси бар деген жүйө менен экс-министр Дүйшөн Чотонов да кармалган. Экөө тең азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турушат. Оппозициячыл саясатчылар өздөрүнүн айыпталуусун бийликтин саясий куугунтугу катары сыпаттап келишет.(КЕ/ZKo)