Астана аэропортуна Назарбаевдин аты берилди

Астана аэропортунун көрүнүшү.

Казак өкмөтүнүн мына ушундай чечими бүгүн өкмөттүк медиада жарыяланды. Документке ылайык, чечим дароо эле күчүнө кирип, Астананын эл аралык аэропорту эми “Эл аралык Нурсултан Назарбаев аэропорту” деп аталат.

Президенттин ысымын борбордун аэропортуна ыйгаруу сунушу Казакстанда 2009-жылдан бери айтылып келген. Атүгүл борбор Астананын өзүн да “Елбасы”, “Нурсултан” же “НурАстана” деп атоо сунуштары болгон, маселе парламентте да көтөрүлгөн.

Буга чейин президенттин ысымы бир университетке, бир канча мектепке берилген. Назарбаевге ошондой эле бир канча эстелик да коюлган.

Өзбекстанда быйыл май айында мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун ысымы Ташкенттин аэропортуна ыйгарылган болчу. (UE)