Өзбекстан гидроэнергетикага 4,3 миллиард доллар бөлөт

Кыргызстандагы "Камбар-Ата-2" ГЭСи.

Июндун башында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча токтомго кол койгон. Ага ылайык, Өзбекстан 2021-жылга чейин 18 жаңы ГЭС куруп, гидроэлектр станцияларын жаңылоо боюнча 14 долбоорду ишке ашырат. Жалпысынан өзбек бийлиги гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө 4,3 миллиард доллар жумшоону максат кылууда.

Майда Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусуна барып, ал жакта 15 МВт кубаттуулуктагы кичи ГЭС куруларын айткан.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов кезинде Тажикстандагы "Рогун" ГЭСинин, Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна каршы чыкканы маалым. Шавкат Мирзиёев азырынча бул долбоорлор тууралуу көз карашын билдире элек.