Атамбаев: Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албайм

Путин жана Атамбаев Кремлдеги бүгүнкү жолугушууда. 20-июнь, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу бүгүн Москвадан билдирди.

Ал баштаган кыргыз делегациясы бүгүн Кремлде орус президенти Владимир Путин менен жолукту.

- Орусия тараптан абдан чоң реалдуу каржылык жардам көргөзүлгөнүн белгилеп кетким келет. Бүгүн да каржы министрлерибиз Кыргызстандын Орусия алдындагы калган карыздарынын баары кечилүүсүн караган протоколду алмашышты. Мен Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албайм, - деди Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйынында.

Кремлдеги бүгүнкү сүйлөшүүлөр артынан эки тараптуу бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлду.

Атамбаев Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапар менен кечээ барган.

Ал Москвадан кийин Татарстан менен Башкыртстанга да барып, сапардын алкагында Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү да өтөт. (UE)