Премьер-министр аткаминерди жыйындан кууп чыкты

Сооронбай Жээнбеков, Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыркагандар менен жолуккан учур. 1-май, 2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюуга арналган жыйында Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыкты.

- Суусу, жолу, электр энергиясы жок болсо көч деп кыстап жатасыңар. Ким көчүп барат ал жакка. Кыла турган кишинин акыбалы мына. Өзү билбей отурат. Жумуштан айдап жиберсем жөн эле айдады Жээнбеков деп айтасың. Даярданып келбейсиңби. Качан башталарын сурап койбойсуңбу Ошко чалып. Чык эшикке, чык... Мына биздин кебетебиз.

Өкмөт башчынын пресс-катчысы Чыңгыз Эсенгул уулунун “Азаттыкка” айтымында, Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаров жасалган иштер боюнча отчет берип жатып премьер-министрдин суроолоруна жооп бере алган эмес.

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы жер көчкү Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. Ал эми 3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга келген. (КЕ)