Стамбул: журтташтардын жардамы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Өткөн жумада операция жасатуу үчүн иниси менен апасын Стамбулга алып келип, жардамга муктаж болгон Айсулуу Алыбаевага жердештер жардам берип жатышат. Мамлекеттик квота менен келген бейтаптардын документтери жетишсиз болуп, котормочунун жардамына муктаж болгон Айсулуу социалдык тармактар аркылуу жардам сураган. Стамбулдагы мекендештер бейтаптын бир тууганын Стамбулдагы башкы консулдукка алып барып документтерин жасатып беришти.