Шыкмаматовдун соту 27-июнга жылдырылды

Бүгүнкү соттук териштирүүдө иш боюнча айыпталып жаткан германиялык жаран Али Юкселдин адвокаты документтерди немис тилине которуу өтүнүчүн айтты. Өткөн жолку сот иши немис жаранын котормочу менен камсыз кылуу зарылдыгынан улам, бүгүнкүгө жылдырылган эле. Алмамбет Шыкмаматов айыпталып жаткан Али Юксел өз укугун өз тилинде коргоого тийиш деп журналисттерге билдирди.

Германиялык жаран Али Юксел жетектеген "Барат Юкс" ишканасы Эсеп палатасында кызматтык унаа сатып алуу үчүн тендерге катышкан. Бул ишкананын ээси башында Шыкмаматовдун иши боюнча тергөөгө күбө катары тартылып, кийинчерээк айыптуу деп табылган.

ЖК депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматовго Эсеп палатасында иштеп турган учурунда жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Тендер менен сатылып алынды делген "Мерседес-Бенц-Е" үлгүсүндөгү беш унаанын арасында Шыкмаматовдун жубайына катталган, баасы жогорулатылган унаа болгону жарыяланган. "Ата Мекен" партиясы жана Шыкмаматовдун өзү бул иштерди саясий куугунтук катары баалап келишет. (ZKo)