Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы газ куюучу станциядагы жарылууда жабыркагандар үч күндөн кийин Бишкекке которулат.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ысык-Көл аймактык ооруканасынын жетекчи орун басары Талант Такенеев билдирди. Анын айтымында, учурда жабыркагандардын абалы оор. Бишкектеги ооруканадан күйүктөр бөлүмүнөн дарыгерлер барып жабыркагандардын абалы менен таанышып келди.
- Алар дайыма көзөмөлдө болуп турат. Үч күндөн кийин, шок абалдан чыккандан соң Бишкек шаарына которулат. Оорулууларга кан, дары-дармек жетиштүү. Күйүктүн проценти жогору болгондуктан алдын ала айтуу эрте. Шок абалдан чыкканга чейин жандандыруу бөлүмүндө болушат.
Азыр реанимацияда беш адам, хирургия бөлүмүндө эки адам жатат. Реанимациядагы жабырлануучулардын баары денесинен 60 пайыздан 90 пайызга чейин күйүк алышкан. Бирине амбулатордук жардам берилген соң үйүнө кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 19-июнда кечки саат 17.10до аталган айылдагы газ сатуучу жайда өрт чыгып, газ баллондор жарылган. Эки адам окуя болгон жерде күйүп кеткен. Алар атасы жана анын 3-класстагы уулу экени маалымдалды. Сегиз киши ар кандай жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Кырсыктан бир газ ташуучу автоунаа, эки портер, бир жеңил машине жана 500 даана газ баллон өрттөндү. Өрт саат 21:15те толук өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгач бул газ куюучу жай “Газпром” компаниясына тиешелүү деген маалымат таратып, кийинчерээк менчик станцияда жарылуу болгонун билдирди. Жарылуунун себептери кабарлана элек. (КЕ/AsM)