Украина президенти Петро Порошенко АКШга сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Святослав Цехолко Twitter’деги баракчасы аркылуу билдирди. Буга чейин украин президенти ушул аптада АКШ президенти Дональд Трамп менен алгачкы ирет жолугуша турганын маалымат булактары жазып чыгышкан.
Бир нече күндөн кийин Трамптын президенттикке шайлангандан берки Орусия президенти Владимир Путин менен алгачкы жолугушуусу белгиленген. Эки лидер Германиянын Гамбург шаарында өтүүчү "Чоң жыйырма" тобунун саммитинде жолугушмакчы.
Ошол эле маалда учурдагы элдешүү жараянына карабай Украина чыгышында согуштук аракеттер күчөп жатканы тууралуу маалыматтар айтылууда. 13-июнда БУУ 2014-жылы башталган конфликттердин натыйжасында кеминде 10 090 адам каза тапканын, анын 2 777си жөн-жай тургундар экенин кабарлады.