"Ак шумкар" Сариевди шайлоого аттандырды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерин сүрөгөн саясий партиялардын ичинен "Ак шумкар" партиясы курултайын биринчилерден болуп өткөрүп, өз лидери Темир Сариевди президенттик жарышка расмий аттандырды. Партиянын курултайына делегаттардан тышкары саясий үчилтик атыккан саясатчылардан Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, убактылуу өкмөт кезиндеги үзөңгүлөшү Азимбек Бекназаров өңдүү саясатчылар катышты. Ошол эле учурда Темир Сариев шайлоодо кайсы күчтөр менен бирге болору тууралуу ачык айтылган жок.