ЕБ Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын даярдоодо

Европа Биримдиги Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын 2019-жылдын соңуна чейин даярдап бүтөт. Бул маалымат уюмдун тышкы иштер министрлери бүгүн Люксембургдагы жыйында колдогон корутунду документте айтылат.

Уюмдун Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан боюнча учурдагы стратегиясы 2007-жылы кабыл алынган.

Жаңы стратегиянын жоболору толук аныктала элек болсо да Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча кеңешинин корутундулары бир катар тармактарды камтыйт.

Маселен уюм жаңы стратегиясында Борбор Азиядагы адам укуктары, гендер маселеси, мыйзам үстөмдүгү жана басма сөз эркиндиги маселесине көңүл бурмакчы.