Партия бүгүнкү курултайында лидери Темир Сариевди күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөттү. Демилгени курултайга катышкан 400 делегат бир добуштан колдоду.
Президенттик шайлоого байланыштуу "Ак шумкар" партиясы "Бирге-2017" деген аталыш менен жер-жерлерде иш-чараларды баштаган.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерден документтерди кабыл алууну 15-июндан тарта баштады.
Азырынча президенттик шайлоого катышууну көздөгөн эки адам: "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Боршайкомго арыз-документтерин тапшырышты.
Үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 4-ноябрга чейин жарыяланышы керек.(ErN/ZKo)