Лондондо унаа кол салуусунан бир адам мерт кетти

Лондондун окуя болгон аймагы

Лондондун түндүгүндөгү Финсбёри Парк аймагындагы мечиттин жанында бир унаа жөө кишилерди тебелетип кетип, андан бир адам каза тапты. Бул окуя 19-июнга караган түнү "Мусулмандарды камсыздоо борборунун" сыртында орун алган. Лондондун тез жардам кызматы сегиз адам ар кыл жаракат менен ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Полиция бул окуяны ыктымал террордук чабуул катары иликтеп жатат. Шектүү катары кармалган 48 жаштагы адам акыл-эсин текшерүү үчүн ооруканага жөнөтүлдү.

Британиядагы мусулмандар кеңеши бул окуяны өлкөдөгү исламофобияны күбөлөгөн чабуул деп атап, сыйынуучу жайлардын коопсуздугун күчөтүүгө чакырды.

Улуу Британияда соңку үч айдагы үч террорчул чабуул баш аягы 34 адамдын өмүрүн жалмады. 150дөн ашык киши жараат алды.