Кыргызстанга сырттан акча которуулар азайды 

Кыргызстанга которулган акчанын 90 пайыздайы Орусиядан келет.

Улуттук банктын маалыматына караганда, быйыл майда Кыргызстанга тыштан акча которуулардын көлөмү 17 миллион долларга төмөндөп, 138,6 миллион долларды түздү.

Апрелде өлкөгө 170,7 миллион доллар, мартта 191 миллион доллар которулган. Жыл башынан бери мигранттар жиберген акча 615 миллион доллардан ашкан.

Ал эми Кыргызстандан башка өлкөлөргө которулган каражат быйыл 119,5 миллион доллар болду.

Кыргызстанга тыштан которулган акчанын 90 пайыздайы Орусиядан келет. (NT)