Франция: парламенттик шайлоого катышкандардын саны аз

Франциянын Ички иштер министрилиги жекшембидеги парламенттик шайлоонун акыркы айлампасында добуш бергендердин саны аз экенин билдирди. Маалыматка ылайык, түшкө чейин шайлоочулардын 17,75 пайызы добуш берди. Бул 1997-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Шайлоонун өткөн аптадагы биринчи турунда президент Эммануэл Макрондун “Алга, республика” партиясы алдыга чыккан. Сурамжылоолор Макрондун партиясы улуттук парламенттеги 577 депутаттык орундун 80 пайызын алаарын көрсөтүүдө. Республикачылар партиясы экинчи келип, 90-95 мандатка ээ болот деп күтүлүүдө. Мурдагы президент Франсуа Олландын Социалисттер партиясы 35 гана мандат алышы мүмкүн.

Мурда банкир жана экономика министри болуп иштеген 39 жаштагы Макрон май айындагы президенттик шайлоонун акыркы айлампасында ашкере-оңчул талапкер Марин Ле Пенди утуп чыккан.