Синоптиктердин маалыматы боюнча, 19-июнда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35 , Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27 градус ысык болот.
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35 градус ысыйт.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29 градус ысык болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17 градус жылуу болот.
19-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 19…21°, күндүзгү температурасы 32…34° жылуу болот.