18-июнда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу аймактарында, тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүзү 30…35;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүзү 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүзү 31…36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүзү 24…29;
Тоолуу Нарында түнкүсүн 6…11, күндүзү 25…30 градус ысык болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүзү 13…18 градус жылыйт.
18-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 18…20, күндүзгү температурасы 31…33 градус ысык болот.