Баткен аэропорту жаңыланды

Аэропортту оңдоп-түзөп, жаңылоо иштерине 10 млн сом сарпталган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, жаңылоо иштерин "Манас" эл аралык аэропорту жүргүзгөн. Натыйжада аэропортто эне жана жаш балдардын бөлмөлөрү ачылды.

Ошондой эле аэропорттун күтүү залы жаңыланып, жүргүнчүлөрдүн жүктөрдү алуу шарты жакшырды. Мындан ары жүктөр атайын тасма аркылуу ээлерине жеткирилет.

Жаңыланган аэропорттун ачылышына президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, Транспорт жана жол министрлигинин, "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Баткен аэропорту 1958-жылдан бери иштейт. Аэровокзал ички каттамдарды тейлөөгө багытталган. Учурда Баткен-Бишкек багыты боюнча жумасына үч жолу авиакаттам жүргүзүлүүдө.(ZKo)