Кыргызстандын Орусиядагы жана Финляндиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев мындан ары Бишкектин Дания, Норвегия жана Швециядагы элчисинин да кызматын аркалайт. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгону 16-июнда расмий кабарланды. Маалыматта айтылгандай, айкалышкан кызмат Москвадан башкарылат.