Европа Биримдиги Молдовага экономикалык жардам иретинде 100 миллион евро бөлүү жөнүндө макулдашты. Бул каражат коррупцияга каршы күрөшүүгө жумшалмакчы.
Европа кеңеши 60 миллион евро насыя жана 40 миллион грант түрүндө берилип аткан акча өлкөнүн экономикасын стабилдештирүүгө, реформа жүргүзүүгө керек деп билдирди. Бирок Молдова өкмөтү бул үчүн коррупцияга күрөштү күчөтүүгө тийиш. Шаркет өлкөдө көп партиялуу парламенттик системанын калыптанышын, мыйзам үстөмдүгүн, адам укуктарынын урматталышын каалайт. Тактап айтканда, Кишинев коомдук каражаттын эффективдүү, ачык сарпталышын, паракорлуктун алдын алууну камсыздашы керек.
Евробиримдик Молдова менен эркин соода келишимине кол коюуну көздөөдө. Бирок Москва буга каршы, андан тышкары Молдованын орусиячыл президенти Игорь Додон "Брюссель убада кылган жардамын бере албай жатат" деп сындап келет.