Кытайда бала бакчадагы жарылуу жети өмүрдү жалмады

Кытайдын Цзянсу провинциясындагы бала бакчадагы жарылуудан жети адам набыт болуп, 59 адам жараат алды. Тогуз адамдын абалы оор.

15-июнда болгон окуянын чоо-жайы азырынча анык эмес. Маалыматтарга караганда, жарылуу ата-энелер балдарын алып кеткени бала бакчага келген учурда болгон.