Москвада СССРдин эл артисти, белгилүү актер Алексей Баталов 88 жашында көз жумду. Маалыматтарга караганда, актер жыл башында жанбаш сөөгү сынып ооруканага жаткырылган. Баталов 40тан ашуун фильмде тартылган. 1957-жылы ал башкы ролду аткарган «Турналар учканда» тасмасы Канн кинофестивалында баш байгени жеңген.
1960-70-жылдары маркум орус классик жазуучулардын чыгармалары негизиндеги фильмдерде тартылып жүрдү.
Баталовдун эң эсте калган ролдорунун бири - «Москва көз жашка ишенбейт» деген тасмадагы каарман Гоша. Фильм 1981-жылы чет тилдеги эң мыкты тасма категориясында Оскар сыйлыгын алган.
Андан тышкары Баталов бир нече фильмдин режиссеру да болгон.