Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Каракол шаарында университеттер аралык "Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн" аттуу достук фестивалы өтүүдө.
Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети уюштурган бул иш-чарага жети облустун жогору окуу жайларынан окутуучулар жана студенттер келишкен. Фестивалдын максаты - студенттер арасында ынтымакты чыңдоо жана билим берүүнү жогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу.
14-июнда башталган фестиваль төрт күнгө уланып, маданий иш-чаралар менен коштолот. Аягында иш-чараны улантуу эстафетасы башка окуу жайга берилет. Алгач Ош мамлекетттик университетинде өткөн. (AsM)