Жапония Түндүк Кореянын ыктымал кол салуусуна карата машыгуусун баштады

Жапониянын Өзүн өзү коргоо күчтөрү Түндүк Кореянын ыктымал ракеталык чабуулуна каршы туруу үчүн тактикалык машыгуусун баштады. Бул тууралуу Жапониянын Коргоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, машыгуу Аитинин борбордук префектурасындагы Комаки базасында өтөт. Өзүн өзү коргонуу күчтөрүнүн аскерлери жер үстүндөгү ПРО Patriot PAC-3 мобилдик комплексин жана изине түшүү радарын иштетүүнү үйрөнөт. Машыгуу учурунда ок атылбайт. Июнь айынын ичинде ушуга окшогон машыгууларды өлкөнүн башка аймактарында, башка базаларда да уюштуруу пландалган.

Түндүк Корея соңку мезгилде маал-маалы менен Жапонияга чабуул жасай ала турган баллистикалык ракетасын сынап келет. Алардын бир нечеси өлкөнүн экономикалык аймагына жакын жерге түшкөн. Эң жакыны 9-мартта жапон жээгинен 200 чакырым алыс жерге кулаган. (КЕ)