АКШда куралчан адам республикачыл саясатчыларга ок атты

Окуя болгон жер.

АКШда республикачыл саясатчылар бейсбол ойноп жаткан маалда куралчан адам ок чыгарып, бир конгрессмен жана дагы эки киши жарадар болгону кабарланууда. Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Мо Брукс CNN каналына билдиргендей, окуя бүгүн Вашингтондун чет жакасында, Виржиния штатында болгон. Ошол маалда 20-25 чакты саясатчы бейсбол ойноп жаткан. Брукс ошол жактагы коопсуздукту кайтарган полициячылар ок чыгарган адамдарга жооп кайтарышканын кошумчалады.

"Рейтерс" болсо полиция жана күбөлөргө таянып, жараат алгандардын арасында Луизиана штатынан шайланган конгрессмен Стив Скалисе да бар деп жазат.

Полиция ок аткан шектүү киши кармалганын кабарлады.

Скалисенин жардамчысы мыйзам чыгаруучу ооруканага жеткирилгенин, абалы туруктуу экенин маалымдады.

Президент Дональд Трамп вице-президент экөө тең Виржиниядагы окуя тууралуу кабардар болушканын, анын өнүгүшүнө байкоо салышканын билдирди.