Мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат

Кыргызстандагы мектептердин бири.

Кыргызстанда мектептерде ата-энелердин ыктыярдуу каражат чогултуусуна тыюу салынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, акча топтоого тыюу салуу боюнча буйрук даярдалууда:

- Жакынкы 2-3 күн ичинде Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте тиешелүү буйрук чыгат. Анда ата-энелердин милдеттүү түрдө бере турган ыктыярдуу каражат чогултуусуна тыюу салынат. Мындай факты катталган учурда кызматынан четтетүүгө чейинки чаралар көрүлөт.

Маалыматка караганда, акча топтоого тыюу салуу буйругу Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте да даялдалып жатат.

Мамлекеттик мектептерде ата-энеден акча чогултуу маселеси Бишкек менен Ош шаарларында курч. Орто билим берүү мекемелеринде коомдук фонддор аркылуу каражат топтолот.

Айрым ата-энелер коомдук фондго акча мажбурлоо жолу менен алынып жатканын айтса, Билим берүү министрлиги аларды жабууга укугу жок экенин билдирип келген.

Баш мыйзамда “Кыргызстанда мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жана орто билим акысыз” деп жазылганы менен, иш жүзүндө баланы мектепке киргизүүдө да, кийин окуп бүткөнчө да акча төлөнүп келатат.

Өлкөдө 2200дөй мектеп бар, аларда билим алган окуучулардын саны 1 миллиондон ашат. (NT)