Анталияда каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлөт

Иллюстрация

Анталиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Давлет Жантаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 11-июнда 24 жаштагы жигит көз жумду. Ал өзүн жаман сезе баштаганда, достору тез жардам чакырышкан, бирок ал ооруканага жетпей үзүлгөн. Маркумдун өлүмүнүн себеби аныктала элек, экспертизанын жыйынтыгы эки айдан кийин чыгат. Учурда Анталиядагы кыргыз коому маркумдун туугандары менен кабарлашып, сөөктү мекенине жөнөтүү үчүн акчалай жардам топтоп жатат.

Аталган кабарды Кыргызстандын Стамбулдагы баш консулдугу ырастап, маркум жүрөк оорусунан жабыркап келгенин айтты.

Түркияда расмий маалыматтар боюнча 14 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Ал эми Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда Түркияда жыл сайын ар түрдүү себептер менен орточо 15 киши каза болот. (ElB)