Бишкек-Ош жолунда тоннел курулат

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана каржы боюнча комитети Кыргыз өкмөтү менен Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Бишкек – Ош авто жолун көчкүдөн коргоо» долбоорун колдоду.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун жыйында билдиришинче, Жапониянын гранттык каражатына Бишкек-Ош автожолунун 246-чакырымына кар көчкүдөн коргой турган тоннел салынат. Анын узундугу 460 метр болору айтылды.

Министр мындай тоннел жолду көчкүдөн толук коргойт деп ишендирди. Жапония бул үчүн 38,2 миллион доллар грант бермекчи.

Кыргызстандын тоолуу автожолдорунун бири болгон Бишкек-Ош трассасында кар көчкү түшчү кооптуу аймактар көп. (NT)