Жапонияда императордун кетишине уруксат берген мыйзам жактырылды

Жапониянын императору Акихито.

Жапония парламентинин кеңешчилер палатасы жума күнү император Акихитого тактыдан баш тартууга уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды. Муну менен акыркы 200 жыл ичинде биринчи жолу жапон императору тактыдан баш тартып, ага уулу, ханзаада Нарухитонун отурушуна шарт түзүлөт.

Жакында эле жүрөгүнө операция жасалган 83 жаштагы Акихито өткөн жылы саламаттыгына байланыштуу жана жаш курагынан улам падышалык милдеттерин толук аткара албай жатканына камтамасын билдирген эле.

Акихитонун ордун 57 жаштагы Нарухито басат. Жакын арада өкмөт тактыдан баш тартуу планын жана мөөнөтүн иштеп чыгып, жарыялары айтылууда. Маалымат каражаттарынын жазышынча, Акихито тактыдан кийинки жылдын соңунда, өлкө анын императорлугунун 30 жылдыгын белгилегенден кийин кетет.