АКШ Күрт автономиясынын Ирактан бөлүнүү боюнча референдум өткөрүүсүнө каршы

АКШнын Мамлекеттик департаменти.

Кошмо Штаттар Күрт автоном облусунун Ирактан көз карандысыздык жарыялоо үчүн сентябрь айында референдум өткөрүү чечимине каршы. Бул тууралуу 8-июнда Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Хизер Нойерт билдирди.

- АКШ бирдиктүү, федералдуу, туруктуу жана демократиялуу Иракты колдойт, - деди Нойерт.

Ушул тапта Ирактын түндүгүндөгү күрттөр толук автономияга ээ, бирок ал жактагы мунай корлору Багдаддын көзөмөлүндө кала берүүдө.

Күрттөр "Ислам мамлекети" террордук тобу менен күрөштө ишенимдүү союздаш болгону менен Вашингтон күрттөрдүн Ирактан көз карандысыз болуу тууралуу мурдатан берки кыялы Ирактагы жаңы жаңжалдын тутанышына себеп болот деп кооптонууда.

- Күрт автоном аймагынын бийликтеринин референдум өткөрүү чечими учурдагы негизги приоритеттерден алагды кылышы мүмкүн, -деген Хизер Нойерт аталган приоритеттерге "Ислам мамлекети" террордук тобун жок кылуу, жаңжалдан улам качууга мажбур болгон жайкын тургундарды үй-жай менен камсыздоо, экономиканы калыбына келтирүү жана учурдагы саясий талаштарды чечүү кирерин кошумчалады.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Күрт автоном облусу Багдад менен бардык пикир келишпестиктерди "Ирак Конституциясынын негизинде" чечүү керек деп айтты.