Түркмөнстан: Азиаданын коноктору гиддери менен келсин

Чет өлкөлүк жарандар Азия-2017 оюндарына гиддин коштоосунда келүүсү керек. Азия оюндарынын аткаруучу комитетинин сайтында түркмөн визасын берүү тартиптери жарыяланды.

Маалыматта туристтер гиддердин коштоосунда келип, бардык чыгымдарды саякатчы өзү көтөрүшү керектиги жазылган.

Бул жаңы эреже эмес. Түркмөнстандын миграция кызматы чет элдик жарандарга виза берүүдө ар дайым гиддин болушун талап кылат. Гид туристти коштоп жүрүүгө, алдын ала макулдашылган каттамдарды сактоого, сүрөт жана видеого тартууну көзөмөлгө алууга милдеттүү.

Азия оюндары быйыл 17-27-сентябрда Ашхабадда өтөт.