Активисттер бак-дарактын кыйылышына каршы президентке кайрылды

Жарандык активисттер Бишкекте бак-дарактардын кыйылып жатышына каршы президент Алмазбек Атамбаевге жана прокуратура органдарына кайрылышты. Алар мэриянын мындай аракетин вандализм деп атоодо.

Активист Гүлнара Журабаеванын айтуусунда, шаардыктардын атынан прокуратурага арыз жазылып, мэр Албек Ибраимовду “кызмат укугунан аша чапкандыгы” үчүн кылмыш жообуна тартуу талабы коюлду:

- Бактардын баарын кыйып салышты. Өткөн бейшембиде Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынына катышканыбызда бактарды кыюу иштери убактылуу токтотулат деп айтышкан. Бирок жума күнү бригаданы алып келип, кыя башташты.

Мэрия Алиаскар Токтоналиев көчөсүндө жана Максим Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бактын четиндеги бактар жолду кеңейтүү максатында кыйылып жатканын билдирүүдө.

2-июнда бак-дарактарды кыюу башталганда Бишкектин бир нече тургуну каршылык билдирип чыккан эле. Нааразылык акциясынын он чакты катышуучусун милиция кармап кетип, кийинчерээк бошоткон. (RK)