Ош-Бишкек трассасынын Сузак участкасындагы Топурак - Бел ашуусуна курулган эстелик монумент эки айдан бери жарыксыз турат. “Санпа шейиттери” коомунун төрагасы Сырдаш Мамарасулов “Азаттыкка” билдиргендей, жергиликтүү бийликке жолдонгон кайрылуу жоопсуз калууда:
- Монумент июнь окуясында Жалал-Абадда курман болгон адамдардын урматына салынган. Жакында коогалаңды эскерүү күнү өтөт. Жергиликтүү бийликтин бул багытта такыр аракети көрүнбөй жатат.
Сузак районунун акими июнь окуясын эскерүү иш-чараларына байланыштуу бардык кемчиликтер толугу менен жоюларын "Азаттыкка" билдирди.
Расмий маалыматка караганда, 2010-жылдагы июнь коогасында 442 адамдын өмүрү кыйылган. 12-июнь күнү Ош – Бишкек жолундагы "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанындагы каргашада 16 адам набыт болуп, экөө дайынсыз жоголгон. Ошондой эле тогуз автоунаа өрттөлгөнү айтылат. "Санпа" окуясына тиешеси бар деп 19 адам кармалып, алардын 17си өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.(RsK)