Британ полициясы чабуулга шектүү эки кишинин аты-жөнүн айтты

Баркинг районундагы текшерүүдө кармалган аялды полиция алып баратат, 4-июнь, 2017

Британ полициясы 3-июнда Лондондо террордук чабуул жасады деп шектелген үч кишинин экөөнүн аты-жөнүн коомчулукка айтты.

27 жаштагы Хурам Батт үй-бүлөлүү, балдары менен Лондондун чыгышындагы Баркинг районунда бир нече жыл жашаган.

Лондон шаардык полициясы буга чейин эле ал полицияга жана МИ-5 кызматына белгилүү болгонун билдирет. Пакистанда туулган Батт британ жараны болгон.

“Ага карабастан чалгын кызматтары чабуул даярдалып жатканын билбегени жана иликтөөгө артыкчылык берилбегени” полициянын билдирүүсүндө айтылат.

30 жаштагы Рашид Редуан Рашид Эльхдар деген атты алып жүрүп, мурда полицияга белгисиз болгон. Анда Ливия менен Марокконун жарандыгы болгон.

Иликтөөчүлөр үчүнчү шектүүнүн тек-жайын аныктап жатканын полиция билдирет.

Үч шектүүнү тең террордук чабуул болгон жерде полиция 3-июнда атып өлтүргөн.