6-июнда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27;
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23;
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз маал-маалы менен жаан жаашы ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26°.