Кыргызстанга 39 миңден ашык этникалык кыргыз көчүп келген

Чүйдүн Жаңы-Жер айылынын тургундары. Бул айылда Тажикстандан көчүп келген кыргыздар көп.

Эгемендик жылдардан бери Кыргызстанга 39131 этникалык кыргыз көчүп келип, кайрылман макамын алган. Бул тууралуу Миграция кызматынын төрага орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди. Анын айтымында, учурда тарыхый мекенине келип жаткандардын агымы уланууда.

Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мыйзамга ылайык Кыргызстанда кайрылман макамы берилет. Бул макам алардын жарандык алуусуна көмөктөшүү, укуктук жактан коргоого жана мамлекеттик камкордугуна алынышына шарт түзүүгө багытталган.

Буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө тарыхый мекенине келген этникалык кыргыздардын коомго аралашуусунда жана мамлекеттен укуктук жана социалдык камкордукка алышында бир катар көйгөйлөр бар экени айтылган. (BkA)