Шүкүров: картайды деген шылтоо менен дарактарды кыйып жатышат

Бул тууралуу белгилүү эколог жана Бишкек шаардык кеңештин депутаты Эмил Шүкүров бак-дарактардын кыйылышы боюнча “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал экологияны коргоо иштери керектүү деңгээлде жүрбөй жатканын, жаратылышты коргоо боюнча план жоктугун белгиледи. Ошондой эле карыды деген шылтоо менен башка бактар дагы кыйылып жатканын кошумчалады.

Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов дарактар элдин каршы болгонуна карабай кыйыла турганын, жол кеңейтилерин билдирген. Жалпысынан 143 дарак кыйылып, ордуна 208и кайра тигилет.

Учурда бак-дарактардын кыйылышына каршы чыккан тургундар менен шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэр жолугушууда. (КЕ)