Бактардын кыйылышына каршы чыккан жарандарды милиция алып кетти

Токтоналиев көчөсү

Бишкектин Токтоналиев көчөсүнүн боюндагы бак-дарактардын кыйылышына каршы акцияга чыккандардын 10дой мүчөсүн милиция алып кетти.

Алар Биринчи Май РИИБине жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна жарандык активист Гүлнара Журабаева кабарлады. Милиция кызматкерлери алардын коомдук тартипти бузганын билдирип жатат. Ал эми жергиликтүү тургундар өздөрүнүн конституциялык укуктары бузулганын белгилешүүдө. Ошондой эле шаар бийлиги элдин пикирин эске албай жатканына нааразы болушууда.

Тургундардын айтымында, “Зеленстрой” Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү максатында дарактар кыйылып жатканын билдирген.

Буга чейин Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунун тургундары дагы нааразылыгын билдиришкен. Бул райондо 800 түп дарак кыйылары айтылган. (КЕ)