Чоң-Алайда кайрадан жер силкинди

Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, 1-июнда кечки саат 21:10до Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Анын очогу Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында орун алып, күчү 5 баллга жеткен. Маалыматка караганда, Жар-Башы, Кулчу, Чак, Кара-Шыбак айылдарында 4,5 балл, Шибээ айылында 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Ачык-Суу айылдарында 3,5 баллдык жер силкинүү болгон.

3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, ондогон үй авариялык абалга келген. Ошондон бери бул аймакта утур-утур жер титирөө катталып жатат. (КЕ)