Талас: былтыр төрт бала зомбулукка дуушар болгон

Өткөн жылы Талас облусу боюнча төрт бала үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы институтунун облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады. Маалыматка караганда, катталган төрт фактынын экөө боюнча кылмыш иши козголгон.

Бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карагата Таласта майрамдык иш-чаралар өттү. Шаардагы Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо уюштурулган салтанатка 1000ден ашык бөбөк катышып, бекер балмуздак таркатылды. Анда ыктыярчылар китепти көркөм окуу сыяктуу сынактарды уюштурду. Майрам концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр өлкө аймагында үй-бүлө жана балдардын укугун коргоо жаатында 117 мыйзам бузуу катталган. 62 жооптуу адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. (AlS/КЕ)