Сербияда жаңы президент ишке киришти

Александр Вучич.

Сербияда 2-апрелдеги президенттик шайлоону жеңип чыккан өкмөт башчы Александр Вучич 31-майда расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Ант берүү аземинин алдында "Диктаторлукка каршы" аттуу кыймылдын өкүлдөрү жана оппозициячыл саясатчылар парламент имаратына кирүүгө аракеттенди. Бирок полиция алардын жолун тороп калды.

Үч жыл премьер-министр болуп иштеген Вучич парламенттен чыгып кетер алдында өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууга убада берди.

Александр Вучич мурдагы президент Слободан Милошевичтин тушунда маалымат министри болуп иштеген. Бирок соңку шайлоодо ал өзүн реформатор катары көрсөтүп, Сербияны Евробиримдикке мүчө кылууга убада берген. Бир жыл мурда анын Сербиянын прогрессивдүүлөр партиясы да парламенттик шайлоону уткан.

Оппозиция өкүлдөрү Вучич бийликти бир колго топтоп, өлкөнү Милошевичтин учурундагыдай автократияга жетелейт деп билдирип, президенттик шайлоодон бери нааразылык акцияларын өткөрүп келишет.