Орусия Түркияга киргизген айрым санкцияларын токтотту

Орус-түрк лидерлери

Орус бийлиги Түркияга киргизген айрым санкцияларын алып салды. Орусиядагы түрк фирмаларынын ишин жана түрк жумушчуларын ишке алуу жолдорун чектеген санкцияларды токтотуучу жарлыкка президент Владимир Путин 31-майда кол койду.

Бул санкциялар 2015-жылдын ноябрь айында түрк армиясы Сириянын чегинде орус учагын атып түшүргөндөн кийин киргизилген.

Андан бери эки тараптын мамилеси жакшырып, президент Путин 3-майда түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолукканда айрым санкциялар алынарын билдирген.

Сириядагы жети жылга аяк баскан согушта Орусия президент Башар Асаддын режимин, Түркия оппозициячыл күчтөрдү колдоп келет.