Грузияда азери журналист Афган Мухтарлы күч менен Азербайжанга жеткирилди деген маалыматтан кийин ондогон адамдар баш калаа Тбилисиде митингге чыгышты. Алар Мухтарлыны бошотууну талап кылып, грузин өкмөтүн чара көрүүгө чакырышты.
Азери журналист өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, жубайы менен Азербайжандан Грузияга 2015-жылы качып келген. Буга Мухтарлынын азери президенти Илхам Алиевдин коррупциялык иштерин иликтегени себеп болгону айтылган.
Ал 29-майда дайынсыз жоголуп, бир күндөн кийин аны грузинче сүйлөгөн адамдар автоунаага салып, Азербайжанга алып кеткени белгилүү болгон. Бул маалыматты анын адвокаты Элчин Садыков ырастап, белгисиз адамдар Мухтарлыны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн анын чөнтөгүнө 10 миң евро акча салып койгонун билдирди.
Азербайжандын Башкы прокуратурасы Мухтарлы чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалганын, анын жанында ири суммадагы акча табылганын 31-майда кабарлады.