Токтогулда "Осмон-Ата" суу сактагычынын курулушу аяктады

"Осмон-Ата" суу сактыгычы

Токтогул районунда 200 гектар жерди жана Үч-Терек айыл аймагын тейлеген суу сактагыч курулду. Бул тууралуу райондук акимчиликтин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Тазабек Сарпашев "Азаттык" радиосуна билдирди.

2014-жылы курулушу башталган суу сактагыч Токтогул районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 16 млн сомго бүттү. Учурда 400 миң куб метр суу топтолуп, июль айында талааларга бериле баштайт.

Буга чейин айылдыктар Ак-Терек сууну сордургуч станциясынан пайдаланышкан.

Быйыл районду өнүктүрүү фондунун эсебинен 84 гектар жерге суу жеткирген Боз-Тектир каналы, 230 гектар аянтты камтыган Белалды каналы да курулуп ишке берилди. Райондук фондго жыл сайын 70 млн сом каражат бөлүнүп, каражаттын көбү ирригациялык багытка жумшалат. (RsK)