АКШ Сириядагы күрддөргө курал-жарак жеткире баштады 

Сириядагы күрд ыктыярдуу кошуунунун өкүлдөрү.

АКШ бийлиги Сириядагы күрд ыктыярчыларына курал-жарак жеткирүү башталганын жарыялады. Пентагондун өкүлү, майор Адриан Ранкин-Галлоуэянын айтымында, Вашингтон «майда калибрлүү курал-жарак жана согуштук машиналарды» өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко каршы күрөшкөн Күрд-сирия араб альянсына берет.

Буга Түркия жооп кайтара элек. Анкара күрд ыктыярчыларын Түркиядагы Күрд жумушчу партиясы менен байланышы бар террордук уюм деп эсептейт.

Вашингтон болсо күрддөрдү курал-жарак менен камсыздоо Ракка шаарын алуу үчүн зарылдыгын айтууда.

АКШ менен Евробиримдик да он жылдан бери Түркияда көмүскө ишмердүүлүк жүргүзгөн Күрд жумушчу партиясын террордук уюмдардын катарына киргизген.