Жарандык активист шайлоо мыйзамын кабыл албоого парламентти чакырууда 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров шайлоо мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл албоого парламент депутаттарын чакырууда. Бүгүн ал колуна эки куурчак көтөрүп, Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында пикетке чыгарын "Азаттык" радиосуна маалымдады.

Муну менен "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдө байкоочулардын экиге бөлүнүшүнө нааразылык билдирет.

- Байкоочуларды бөлүүгө болбойт, аларды куурчакка айлантпагыла деген талап коем, - деди Токтонасыров.

17-майда Жогорку Кеңеште экинчи окууда жактырылган мыйзам долбоорунда байкоочуларды экиге бөлүү сунушталган. Ага ылайык саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо участкаларында добуш берүү жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана көз сала алышат.

Жарандык коомдун өкүлдөрү ушул өзгөртүүлөр добуш берүү маалында байкоочулардын укугун чектейт деген кабатырлануусун билдирип жатышат. (NT)