Жалал-Абад: шайлоо участкасындагы мушташты милиция иликтеп жатат

Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо өтүп жатканда болгон эки партиянын мүчөлөрүнүн мушташын милиция иликтеп жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов “Азаттыкка” билдиргендей, 28-май күнү шайлоодо Дача аймагындагы №2115 шайлоо участкасында мушташ чыккан.

Күбөлөр КСДП жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын тарапташтары жаңжалдашканын билдиришкен. Аларды ажыратууга аракет кылган киши өзү токмок жеп, милицияга кайрылган. Бул факты “Бейбаштык” беренеси менен катталып, иликтенип жатат.

КСДП партиясынан шаардык кеңешке талапкер Сайдулла Чымбердиев бул жөн гана пикир келишпестик экенин айтып, тараптар жарашып алганын билдирди. "Өнүгүү-Прогресс" азырынча комментарий бере элек. (RsK).