Атамбаев 15-октябрда президенттик шайлоо өтөрүн билдирди

Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда төрт жарым айдан соң, 15-октябрда президенттик шайлоо өтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган жыйында сүйлөп жатып айтты.

Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоонун күнү азырынча так аныктала элек. Буга чейин азыркы мыйзамдар боюнча добуш берүү күнү 19-ноябрь деп айтылган. Бирок ушул айдын башында шайлоо тууралуу мыйзам долбоор боюнча парламенттик угуу өтүп, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган. (SE\BkA)